#Инфраструктура жана транспорт
Партиянын сунушун билиңиз
#Бишкек шаардык кеңеш
Бутун Кыргызстан Ачуу Жабуу

«Бүтүн Кыргызстан» зарыл деп эсептейт: Шаарды ыңгайлуу коомдук транспорттор менен камсыз кылуу. Газ жана электр энергиясы менен иштеген автобустарды жана кичи автобустарды лизинг келишими менен алуу керек (Германия, Япония, Кореяда жасалган). Бара-бара шаарды экологиялык таза, ыңгайлуу транспортко толугу менен өткөрүү. Коомдук транспортто пенсионерлер жана окуучулар үчүн жол кирени бекер кылуу керек. Коомдук транспортто жол кире акысын шаардыктардын оюн эске алуу менен белгилөө зарыл.

Партия тууралуу кененирээк
Ак Бата Ачуу Жабуу

Экологиялык жеке унааларды (велосипеддер, электр менен жүрүүчү жол каражаттары жана электр скутерлер ж.б.) жана жөө жүрүүчүлөр зоналарын өнүктүрүү программасы. Жөө же велосипед менен (же самокат) шаарды аралап жүрүү абдан ыңгайлуу болуп, шаардыктарды тарта тургандай болушу керек. Чындыгында Бишкектин ичинде аралыктар абдан кыска - Ош базарынан ТЭЦке чейинки аралыкты бир саатта жөө басып өтсө болот! Жол системасын өнүктүрүү менен, жер алдындагы өтмөктөрдү, инфраструктурасы бар кенен жолдорду - отургучтарды, ичүүчү фонтандарды жигердүү куруп, аларды туруктуу тейлеп туруу зарыл.

Партия тууралуу кененирээк
КСП Ачуу Жабуу

2 (эки) жыл аралыгында шаарды чыгымы жок "тыгындан" арылтууга убада беребиз. Транспорт тармагын биздин жолдордо ээн эркин жүрүүгө шарт түзүп берип камсыздайбыз. Жүргүнчүлөрдү ташыган компаниялар өздөрүнүн эсебинен аз өлчөмдүү (маршруткалар) транспорттон, көп өлчөмдүү (автобустар) транспортко өтүшүнө, ушул маселени өздөрүнө жүктөп, жана ошондой эле ушул тармак боюнча инвесторлорду тартуу. 4 (төрт) жыл аралыгында дээрлик бардык тротуарлар оңдолуп, калыбына келтирилбесе болбойт. Күнүмдүк турмушта шаардагы бардык жарандарыбыз тротуарларды колдонобуз. Бирок Бишкектеги тротуарлар талапка жооп бербейт жана айрым жерлерде басуу өтө кооптуу. Көпчүлүк участкаларда таптакыр тротуарлар жок.

Партия тууралуу кененирээк
Кыргызстан Ачуу Жабуу

Развитие международного сотрудничества для привлечения грантовых средств в целях улучшения ифраструктуры. Вести активную работу по привлечению инвестиций и грантов. Устранение дублирующих функций через аудит качества - офис простых решений. Анализ функций городских служб, и четкое перераспределение согласно «Правил благоустройства г. Бишкек». Для удобства горожан и гостей города Бишкек построить современные уборные во всех частях города. Признавая, что жители новостроек тоже являются Бишкекчанами считаем необходимым опредилить границы города, создать городскую инфраструктуру в новостройках с учетом интересов жителей новостроек. Необходимо открыть приюты для животных, для контроля их популяции и нераспространения ими болезней.

Партия тууралуу кененирээк
НДПК Ачуу Жабуу

Шаардыктар менен бирге коомдук транспорт көйгөйүн чечүүнү: жүргүнчүлөр да, автоунаа ишканалары да макул көргөн тарифтер аныкталат!

Партия тууралуу кененирээк
Республика Ачуу Жабуу

• 1000 көп орундуу троллейбус жана автобустар. Шаардын баардык проспектерине жогорку ылдамдыктагы автобустар үчүн жол тилкелерин киргизебиз. • Телефон сиздин автобустун аялдамага качан келээрин көрсөтүп турат. Ар бир автобус төмөн тамандуу, аппарелясы, коляска үчүн беките турган тетиктүү болот. • Окуучулар үчүн үй-мектеп-үй каттамында автобустарды киргизебиз!

Партия тууралуу кененирээк
Реформа Ачуу Жабуу

Маршруттук таксилер ыңгайлуу коомдук транспорт менен алмаштырылат. Акылга сыярлык тариф жана адилеттүү субсидия системасын түзүү аркылуу коомдук транспортту өнүктүрүү үчүн шаар инвесторлорду тартат.

Партия тууралуу кененирээк
Свобода выбора Ачуу Жабуу

Биз шаардык таксилерди газ жана электр энергиясына өткөрөбүз жана бул үчүн: акырындык менен автопарктарды электромобилдерге алмаштырабыз жана жеткиликтүү кубаттоочу жана май куюучу жабдыктарды куруп баштайбыз.

Партия тууралуу кененирээк
Социал-демократ Ачуу Жабуу

Коомдук транспорт чөйрөсүндө контролду күчөтүү. Биз коомдк транспортто жүргүнчүлөр үчүн дагы ыңгайлуу жана коопсуз боло турган шартта гана жол кире тарифтерин көбөйтүүнү бекитебиз.

Партия тууралуу кененирээк
Эмгек Ачуу Жабуу

Газ менен жүргөн ыңгайлуу автобустарды жана троллейбустарды лизинг жолу менен көбөйтөбүз.

Коомдук транспорт тармагына келген жеке инвестициянын агымын арттырабыз.

Экологияга зыян келтирбеген транспорттордун түрлөрү үчүн инфраструктураны түзөбүз.

Партия тууралуу кененирээк