#Экология
Партиянын сунушун билиңиз
#Бишкек шаардык кеңеш
Бутун Кыргызстан Ачуу Жабуу

«Бүтүн Кыргызстан» экологиялык зыяндын ордун толтурууну камсыз кылуу үчүн экологиялык камсыздандыруу системасын түзүүнүү сунуш кылат. Бул жарандардын жагымдуу айлана чөйрөгө болгон укугун коргоонун бирден-бир жолу.

Партия тууралуу кененирээк
Бутун Кыргызстан Ачуу Жабуу

Шаардын ичиндеги бак дарактарды суугаруу маселеси: Бишкек шаарындагы бак дарактарды суугаруу ишин уюштуруу менен Бишкек «жашыл шаар» статусуна кайтаруу керек!

Партия тууралуу кененирээк
Ак Бата Ачуу Жабуу

Жашыл чарбачылыкты жана ирригацияны өнүктүрүү программасы. Шаарды жашылдандыруу анын жүзү, шаардыктар дем ала турган өпкөсү жана шаардын келечеги. Бул жерде көпкө түшүндүрө турган нерсе жок. Жашыл бак-дарактарды жана газондорду өстүрүү эстетикалык гана эмес, экологиялык мааниге да ээ. Жашылдандырылган участоктор шаардын жер кыртышынын эрозиясын жана шаарды чаң басуусун азайтат, башка да көп оң натыйжаларды алып келет.

Партия тууралуу кененирээк
Власть Народу Ачуу Жабуу

Бишкек: уул төрөлсө – ЖЫГАЧ отургуз! Кыз төрөлсө-экөөсун отургуз! Дем алыш жана майрам күндөрү борбор калаанын борбордук бөлүгүндө унаа каражаттарына (жүргүнчүлөрдөн тышкары) чектөөлөрдү колдойт. Келечекте жүргүнчүлөрдү ташууну камсыз кылуу үчүн, келишим түзүүдө электр унааларына, гибриддик электр станциясы бар автоунааларга жана газ менен иштеген автоунааларга артыкчылык берилет.Кыргызстан котельныйлар үчүн дагы, жеке менчик үчүн дагы абаны тазалоочу тутумдарды, күйөөнү кармоочу жабдууларды өндүрө алат.

Партия тууралуу кененирээк
ДДК Ачуу Жабуу

• Куруучуларды аймагын 30%га жашылдандырууга милдеттендирүү жана абаны тазалоо көрсөткүчү жогору болгон гана жалбырактуу дарактарды тигүү. Көзөмөл системасын киргизүү. Дарактар – бул шаарыбыздын өпкөсү. • Жергиликтүү гана көчөт чарбаларынан биздин шартка көнгөн дарактарды отургузуу, чет жактан көчөт сатып алууга тыюу салуу. Бул шаардын бюджетине оң таасирин тийгизет. • Ирригациялык системаларды ремонт кылуу жана рексонструкциялоо үчүн бюджетти карап чыгуу. Сугарылбаса дарактарды отургузуунун мааниси жок. • Электрдик коомдук транспорт – бул бюджетти толтуруу жана жашыл экономикага чоң кадам жасоо. • Атмосферага CO2 (көмүр кычкыл газы) бөлүнүп чыгуусун кыскартуу үчүн жана шаардагы смогду азайтуу үчүн конуштарда жашагандардын үйлөрүн жылуулоого жардам берүү жана аларды газ менен жылытууга байланыштуу программа иштеп чыгуу. Бул көмүр колдонууну кыскартат. Коңшуңа жардам берүү менен – өзүңө жардам бересиң. Шаар – бул бири-бириңди колдоо.

Партия тууралуу кененирээк
Ишеним Ачуу Жабуу

Экологиялык коопсуздукту камсыздоо

Партия тууралуу кененирээк
Партия коммунистов Ачуу Жабуу

Бишкек за 30 лет стал одним из самых загрязненных городов в мире. Некогда цветущий город задыхается, жители страдают, растительность исчезает. Остановить эту трагедию – первоочередная и архиважная задача каждого. Мы предлагаем передать ТЭЦ в ведение столичного муниципалитета, пересмотреть вопрос отопления в зимний период углем, перевод работу ТЭЦ на газ. Мы предлагаем ограничение въезда в столицу транспорта с недопустимым уровнем выброса вредных веществ. Мы считаем необходимым в разы увеличить количество муниципального пассажирского транспорта. При этом прежде всего внимание уделить ввозу экологически чистых видов транспорта.

Партия тууралуу кененирээк
КСП Ачуу Жабуу

Миллион жашоочуга- миллион бак дарактар. Бир жолу болсо да дарак олтургузган инсан, шаарды өзүнүн үйүндөй көрүп, аярлап кылдаттык менен мамиле жасайт. Ар бир шаар тургуну дарак тигиши абзел.

Партия тууралуу кененирээк
Кыргызстан Ачуу Жабуу

Ускорим газификацию частного сектора, что позволит уменьшить вредные выбросы в атмосферу. Построить новый полигон и мусороперерабатывающий завод. Ввести культуру сортировки мусора. Привести в соответствие с международными нормами мусорные площадки с учетом сортировки мусора.

Партия тууралуу кененирээк
Партия Зеленых Ачуу Жабуу

Бишкек шаарыбызда экология жана айлана-чөйрөнү коргоо максаттары – бул эн эле маанилүү маселелер болуп турат.

Партия тууралуу кененирээк
Республика Ачуу Жабуу

• Экосистемага байланышкан 200000 бак-дарак (карагач жана терек ) отургузабыз. • Шаарга, кичирайондор менен жаңы конуштарга 100 жашыл оазизстерди түзөбүз. • ТЭЦти газга өткөрөбүз, ал эми көмүргө заманбап фильтрлерди коебуз. • Автоунаалардан катализаторду ажыратууга тыюу салабыз. • Урбан-аудит аркылуу роза жел аргысын калыбына келтиребиз.

Партия тууралуу кененирээк
Реформа Ачуу Жабуу

Төмөнкү иш-чаралар аркылуу бишкектиктерге жыл бою тоонун таза абасы менен дем алуу мүмкүнчүлүгүн кайтарыш керек: - шаар көчөлөрүндө коомдук электр транспортунун санын 2 эседен кем эмес көбөйтүү, - унаа токтотуучу орундардын акысын жөндөө, жөө баскан жерлерди көбөйтүү жана коомдук транспортту өнүктүрүү менен шаардын борбордук бөлүгүндө автоунаалардын агымын азайтуу, -абоненттердин жылытуу үчүн орноткон газ жабдыктарынынын чыгымын каржылоо, - түтүнү жок көмүр брикеттерин чыгаруучу завод кура турган инвестчилерге жеңилдик берүү, - ЖЭБке заманбап тазалоочу курулмаларды орнотуу. Бир адамга туура келүүчү жашыл биомассанын үлүшүн дүйнөлүк стандарттарга жеткиребиз. Жашылдандыруунун альтернативдүү түрлөрүн киргизебиз. Муниципалдык буюртмаларды жайгаштыруу аркылуу активдүү жарандар менен коомдук уюмдардын өзүлөрүн жашылдандыруу жана аларды кароо иштерине тартабыз. КР өкмөтүнүн алдында соода жайларында пластик баштыктарын колдонууну тыюу салуу маселесин көтөрүп, алгачкы пилоттук долбоорду Бишкекте ишке ашырабыз. Бишкектин жаңы таштанды полигонунда курулуучу Таштанды ылгоо долбоорунун ишке кирүүсүн тездетүү. Шаарда фонтан, ирригация тармагын кайра жандандыруу жана жаңыларын куруу боюнча атайын программа иштейт. Ирригация системасы бара-бара тамчылатып сугарууга жана башка сууну үнөмдөөчү технологияларга өтөт. Парктар менен сейил бактардын аянттарын шаардын жалпы аянтынын 10% чейин жеткирип, мыйзамсыз курулуштарга бөгөт коюу үчүн алардын чек араларын мыйзамдаштырабыз.

Партия тууралуу кененирээк
Свобода выбора Ачуу Жабуу

экологияны жакшыртуу максатында жаңы имараттарды, уруксатсыз имараттарды жана турак жай массивдерин шаардын аймагына киргизүүнү камсыз кылабыз жана аларды шаардын муниципалдык жана социалдык инфраструктурасына, негизинен газга кошобуз

Партия тууралуу кененирээк
Свобода выбора Ачуу Жабуу

• биз Бишкектин экологиялык талаптарын жогорулатабыз жана жаңы энергия булактарын (шамал жана күн энергиясы) акырындык менен киргизип баштайбыз • биз ЖЭБден баш тартып, 2050-жылга чейин газ, электр энергиясы жана жаңылануучу энергия булактарына өтүү үчүн стратегиялык кадамдарды жасоого умтулабыз • биз автоунаалар үчүн газды 2 эсе арзан кылабыз, май куюучу жайларды газ түтүктөрү менен камсыз кылууга милдеттендиребиз, коомдук жана жеке менчик транспорттун газга жана электр кубатына өтүүсүнө түрткү беребиз. • көчөлөрдү эко паркинг менен камсыз кылабыз - Бишкек шаарынын жашылдандырылышын көбөйтүп, экологиялык таза парктарды түзөбүз

Партия тууралуу кененирээк
Социал-демократ Ачуу Жабуу

- Абанын блганышына каршы күрөшүү чөйрөсүндө биздин жооп - жеке менчик курулуштарды газификациялоо менен жылытууга экологиялык эмес отунду колдонгону үчүн санкцияларды киргизүү. Коомдук мончолордун жана сауналардын ээлери газды же электр энергиясын колдонууга өтүүсү зарыл. - Биз Бишкекти жашылдандырууну өнүктүрөбүз, шаардын сейил бактарына мыйзамсыз курулуштар менен сот аркылуу күрөш жүргөбүз. Парктык зоналардагы мыйзамсыз курулуштар бузулууга тийиш. Бүгүнкү күндө Бишкек шаарынын бир тургунуна жашыл бак-дарактардын өлчөмү белгиленген нормативден 4 эсе аз.

Партия тууралуу кененирээк
Эмгек Ачуу Жабуу

Шаардын дизайны боюнча атайын эреже (бирдиктүү стандарттагы) кабыл алабыз.

Ландшафтык дизайнды иштеп чыгып, борбор калааны жашылдандырабыз.

Бишкектин абасы таза болушу керек. “Ышсыз Бишкек” программасын кабыл алабыз.

Жашыл экономика. Экологияга зыян келтирбей туруп шаардын өнүгүшүн камсыздайбыз.

Таштандыны сорттоо маданиятын киргизебиз.

Партия тууралуу кененирээк