#Адам укугу жана коопсуздук
Партиянын сунушун билиңиз
#КыргызстанПартиялары
Ата-Мекен Ачуу Жабуу

Адам укугу жана эркиндиги – башкы баалуулук: • Биз адам укугу жаатындагы бардык репрессивдик, анын ичинде эл аралык мыйзамдарды бузган, сөз эркиндигин жана өкмөттүк эмес сектордун өнүгүшүн чектеген мыйзамдарды артка кайтарууну талап кылабыз. • ИИМ, УКМК тармактарын жарандык-укуктук көзөмөлгө алуу системасын киргизүүнү талап кылабыз. • Эркинен ажыратылгандардын кармалуу шартын, медициналык тейлөөсүн жакшыртууга аракеттенебиз. • ММКда, анын ичинде КТРКда сөз эркиндигинин сакталышын, мамлекеттик ЖМКлар бардык саясий күчтөрдүн өкүлдөрүнө бирдей жеткиликтүү болушун талап кылабыз. • Мыйзамга каршы, экстремисттик, аймактар, улуттар, диндер аралык ажырымга ачык чакырыктар болбосо, мамлекеттин колдонуучуларды саясий өңүттө куугунтукка алышына, интернетте сөз эркиндигин чектөө аракеттерине каршы турабыз. • Жарандардын экологиялык укуктарынын корголушун көзөмөлдөгөн системанын киргизилишин колдойбуз.

Партии тууралуу кененирээк
Бир Бол Ачуу Жабуу

БААРЫ ҮЧҮН АДИЛЕТТҮҮЛҮК ЖАНА КООПСУЗДУК Сотторду тандоо кеңешин шайлоо жана талапкерлерди көрсөтүү процедураларын өзгөртөбүз. Жабык сотторду өткөрүүгө тыюу салабыз. Бардык процесстер онлайн режиминде көрсөтүлүшү керек. Чек ара аймактарында принцип боюнча эркин экономикалык аймактарды түзөбүз: “Согушпайбыз, соодалашабыз”.

Партии тууралуу кененирээк
Биримдик Ачуу Жабуу

партиянын программасында бул тууралуу жазылган эмес

Партии тууралуу кененирээк
Бүтүн Кыргызстан Ачуу Жабуу

“Бүтүн Кыргызстан” партиясы Кыргызстандын жалпы экономикалык аймактык коллективдүү коопсуздукту камсыздоого багытталган (КККУ (ОДКБ), ШКУ) менен өз ара тең укуктуу кызматташтыгы интеграциялык процесстерге катышууга өзгөчө маани берет.

Партии тууралуу кененирээк
Кыргызстан Ачуу Жабуу

ЖАРАНДАРДЫН КООПСУЗДУГУ ЖАНА МЫЙЗАМДЫН ҮСТӨМДҮГҮ- БИЗДИН НЕГИЗГИ МАКСАТЫБЫЗ Чек аралардын коопсуздугу жана чек ара аймактарынын тургундарынын көйгөйлөрү партиянын өзгөчөкө зөмөлүндө Партия чек ара жана күч блогу боюнчавице-премьер-министрин Ош шаарына өткөрүп берүүнү сунуштайт. Күч ведомстволорунун орун басарларынан турган жетекчилик курам өлкөнүн чек ара аймактарында болушу керек. Чек аралар такталбаган жерлерде аймактарга жана жарандарга өзгөчө статус берилиши керек.

Партии тууралуу кененирээк
Мекенчил Ачуу Жабуу

партиянын программасында бул тууралуу жазылган эмес

Партии тууралуу кененирээк
Республика Ачуу Жабуу

Өлкөнүн ички жана тышкы коопсуздугун камсыз кылган Чалгындоо кызматы болот. Тышкы чалгындоо, контрчалгындоо, эл аралык терроризмге жана диний экстремизмге каршы функциялары гана калат. Экономикалык кылмыштар - Мамлекеттик экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматында гана болот. Коомдук коопсуздук – Ички иштер министрлигинде гана. Тергөө менен бир гана орган алектенет – Улуттук тергөө бюросу

Партии тууралуу кененирээк
Реформа Ачуу Жабуу

КООПСУЗДУКТУ КАМСЫЗ КЫЛУУ Бүгүнкү күндө Кыргызстанда жарандар жана бизнес - кылмышкерлерден же укук коргоо органдарынан өзүн коопсуз сезе албаган өлкө. Соттон акыйкат издөө үмүтун жоготтук. Ал эми укук коргоо органдарынын кызматкерлери коопсуздук сезими эмес, коркуу сезимин жаратат. Мыйзам, капчыктын көлөмүнө жана адамдын даражасына жараша колдонулуп калды. Кылмыш дүйнөсүндөгүлөр менен укук коргоо органдарынын эч кандай айырмасы болбой калды, элибиз эки тараптан тең бирдей запкы көрүп жатат.Учурда ишкерлерди коргоо үчүн түзүлгөн бардык укук коргоо органдары тескерисинче ишкердик менен жарандарды өз капчыгын толтуруу булагы катары пайдаланып келишет. Азыр укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгү кылмыштуулукту азайтуу жана коопсуздукту камсыз кылуу менен эмес, жазаланган адамдардын саны менен өлчөнөт.

Партии тууралуу кененирээк
Социал-демократтар Ачуу Жабуу

Европа бирлигинин өлкөлөрү менен адам укуктары, демократияны өнүктүрүү, студенттердин тажрыйба алмашуу, жаңы технологиялар, инвестиция, туризм жана соода жаатында мамилелерди өнүктүрүү.

Партии тууралуу кененирээк
Чон Казат Ачуу Жабуу

партиянын программасында бул тууралуу жазылган эмес

Партии тууралуу кененирээк
Ыйман Нуру Ачуу Жабуу

партиянын программасында бул тууралуу жазылган эмес

Партии тууралуу кененирээк