#Адам укугу жана коопсуздук
Партиянын сунушун билиңиз
#Бишкек шаардык кеңеш
Бутун Кыргызстан Ачуу Жабуу

«Бүтүн Кыргызстан» жарандар үчүн коопсуздук – бул биринчи көйгөй деп эсептейт. Кылмыштуулук, кылмышкерлердин бийлик структураларына түздөн-түз кирип кетиши, сот адилеттигинин жеткиликсиздиги, соттордогу коррупция – мыйзамдуулуктун жолундагы негизги тоскоолдуктар.

Партия тууралуу кененирээк
Замандаш Ачуу Жабуу

• Шектүү өзүнүн күнөөсүз экенин далилдөө үчүн мүмкүнчүлүк алган укуктук система; • Көз карандысыз сот системасы; • Коомдогу басмырлоодон жана жарандарды адилетсиздиктен коргоо;

Партия тууралуу кененирээк
КСП Ачуу Жабуу

Шаардыктарга бейкут жашоону камсыз кылып, бардык иштерди тартипке келтиребиз. Коомдук тартипти сактоодо Бишкек шаардык ШИИБ менен тыгыз кызматташып, милициядан жарандарыбыздын коопсуздугун сактоону талап кылып, биргелешип бардык тараптан аларга көмөк көрсөтүп, уюштуруу зарыл. Жарандарыбыз кайсыл мезгилде болбосун, өздөрүн ээн эркин сезип, укугу тебеленбей, коргоп алары бар экенине ишенип, балдарыбыз үчүн тынчсызданбашыбыз керек.

Партия тууралуу кененирээк
Кыргызстан Ачуу Жабуу

В связи с ростом преступности, в рамках проекта безопасный город, установим камеры в районах, для превентивных мер по предупреждению преступлений. В последующем полный контроль города камерами. Увеличить количество улиц с освещением, введение альтернативных источников энергии (лампы на солнечных батареях).

Партия тууралуу кененирээк
Реформа Ачуу Жабуу

Тартип бузууларды алдын алуу үчүн шаар мэриясы менен бизнес-коомчулук көчөлөрдө видекамералардын орнотулушун камсыз кылат. Тартип бузууларды алдын алуу үчүн шаар бийлиги укук коргоо органдары менен жергиликтүү коомчулуктун тыгыз байланышын камсыз кылат. “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашыруу уланат. Долбоордун концепциясы кеңейтилип, коопсуздукту эл көп чогулган жерлерде, жаңы конуштарда жана социалдык мааниге ээ жерлерде камсыз кылууга багытталат. Шаар ресурстарынын эсебинен муниципалдык милиция, аны менен кошо милициянын атайын түнкү кайгуул батальону жана ыкчам аракет тобу түзүлөт.

Партия тууралуу кененирээк
Свобода выбора Ачуу Жабуу

Ар кандай мүнөздөгү кылмыштардын санын азайтуу үчүн көчө кылмыштуулугуна туура келбеген чөйрөнү түзөбүз

Партия тууралуу кененирээк
Эмгек Ачуу Жабуу

<ul> <li><span style="color:#18242f">Борбор калаабыздын тургундарынын коопсуздугу баарынан жогору турат. Шаар боюнча 5000 видео байкоочу камераларды орнотобуз.</span></li> <li><span style="color:#18242f">&ldquo;Коопсуз көчө&rdquo;, &ldquo;Коопсуз район&rdquo; жана &ldquo;Коопсуз шаар&rdquo;.</span></li> </ul>

Партия тууралуу кененирээк
Социал-демократ Ачуу Жабуу

"Коопсуз шаар" долбоору чет өлкөгө акчаларды чыгаруунун куралына айланып, коррупцияга батты. Биз, өз IT-адистерибизди колдонуу менен бул терс көрүнүштөргө бөгөт коюп, "Акылдуу шаар" долбоорун ишке киргизебиз. Белгилей кетчү нерсе, "Коопсуз шаар" боюнча инвесторлор менен келишим 5 жылга түзүлгөн, андан соң инвестор Кыргыз тарапка техникалык базасын өткөрүп берип, кетип калышы керек. Шаар өзүнөн өзү эле Кыргызстандын IT-адистерин пайдалануу менен, коррупциясыз, капитал менен жана маалыматтардын чет өлкөгө агып кетпей иштетүүгө мүмкүнчүлүк берет. Буга даярдануу бүгүн керек. Ошондой эле калк жыш жайгашкан кварталдарда "Коопсуз короо" программасын киргизүүнү сунуштайбыз.

Партия тууралуу кененирээк