Лидер: Закиров Азиз Адамович
Партия тууралуу маалымат: https://talapker.shailoo.gov.kg/ru/party/99/25
Бүгүнкү күндө сот жана укук коргоо тармагы эң коррупциялашкан органдардын бири экени эч кимге жашыруун эмес. Таза сот системасын түзбөй туруп бир дагы реформа жүргүзүү мүмкүн эмес. Сот жана укук коргоо органдарына болгон ишенимди кайтаруу.
“Атка жеңил, тайга чак өкмөт” «Бийликти аймакка кайтарабыз»
Бүгүнкү күндөгү курч көйгөйлөрдүн бири – азык-түлүк жана эң керектүү товарлардын баасынын өсүүсү. Кыргызстанда баанын өсүү темпи өтө жогору бойдон калууда. “Альянс” партиясы экономика, экспорт жана импорт деген эмне экенин түшүнгөн, билген компетенттүү адамдардын тобунан куралды. Жакшы башкаруу менен бирге команда баалардын өсүшүн басаңдатууга, жарандардын экономикалык абалын жакшыртууга убада берет. Жергиликтүү салыктарды эффективдүү колдонуу үчүн стимулдаштыруу системасы (кайсы жерде өнүгүү болсо – ошол жерге бюджетти көбөйтүү), милдеттүү салык төлөмдөрүнүн бардык түрлөрүн автоматташтыруу (салык, бажы төлөмү, айып пулдар), шаар мэрлерин шайлоо аркылуу тандоо – мунун баары коррупция менен күрөшүүгө эффективдүү болот. Андан сырткары коррупциялашкан кадрлардан арылууга, мамлекеттик казынанын кирешесин көбөйтүүгө шарт түзөт. Жыйынтыгында инфраструктураны жакшыртууга жана башка тармактарды оңдоого да каражат пайда болот. Бул жол менен биз жаңы инвесторлорду тартып, жаңы жумуш орундарын түзөбүз. Бир гана экономиканы диверсификациялоо өлкөнүн экономикасын көз карандысыз кыла алат. Андан тышкары өзүбүздүн ресурстарды туура колдонуу менен бюджетти 2 эсе көбөйтүп, ишкердик жана туризмди өнүктүрүү менен Кыргызстанды бай өлкөлөрдүн катарына кошсо болот.