Лидер: Маткеримов Айбек Тураталиевич
Партия тууралуу маалымат: https://talapker.shailoo.gov.kg/ru/party/17/25
- Көз карандысыз адистештирилген текшерүү механизмин, электрондук декларация системасын киргизүү, кызмат адамдарынын жана алардын жакын туугандарынын мүлктөрү жөнүндө маалыматтарга ачык жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу; - Кландык, тууганчылык жана жердешчилик башкарууну жоюу үчүн “Тууганчылык байланыштарды ачыктоо жөнүндө” мыйзамды кабыл алуу. - Коррупциялык укук бузуулар үчүн люстрацияланган жана жоопко тартылган кызмат адамдары жөнүндө ачык маалымат базасын түзүү.
- Кыргызстанда дүйнөдөгү эң эркин жана ачык виза режимин киргизүү; - Энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүүнү стимулдаштыруу. Электр энергиясынын экономикалык жактан пайдалуу тарифтерин ишке ашыруу; - Электр энергиясын сатууда монополияны жоюу; - Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолунун курулушу; - Айыл чарбасында эмгек өндүрүмдүүлүгүнүн жогорулашына алып келген технологияларды субсидиялоо; - Кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүү; - Жогорку технологиялар паркын кеңейтип, эң ыңгайлуу шарттарды камсыз кылуу.
Бүгүнкү бүткүл дүйнөлүк глобализация шартында Кыргызстан эгемендүү, улуттук жана демократиялык мамлекет катары башка өлкөлөр менен саясий жана илимий-техникалык интеграция жолунда өнүгөт деп билебиз. Ошондуктан жакынкы коңшу жана алыскы мамлекеттер менен; саясий жана экономикалык өнөктөш өлкөлөр менен; Евразиялык Экономикалык Биримдик, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештиги, Шанхай Кызматташтык Уюму, Бириккен Улуттар Уюму жана башка Кыргызстан мүчө болгон эл аралык уюмдар менен саясий жана илимий-техникалык интеграцияны мындан ары да чыңоо өлкөбүздүн туруктуу өнүгүүсүнө өбөлгө түзөөрүн тааныйбыз.
- Администрациялык штатты кыскартуу жана медициналык мекемелердин функционалдык көз карандысыздыгын камсыз кылуу; - Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн негизинде саламаттыкты сактоого инвестицияларды тартуу; - Эпидемияга даярдыкты күчөтүү; - Медициналык туризмди жайылтуу жана колдоо.
Жогорку моралдык жүрүм-турум эрежелерин, каада-салттарды, салттуу болгон үй-бүлөлүк жана коомдук баалуулуктарды, сергек жашоону өздөштүрүү, Кыргызстан элдеринин маданияттарынын дөөлөтүн, кайталангыстыгын жана бирдиктүүлүгүн чагылдырган жалпы адамзаттык баалуулуктардын системасына өтүү аркылуу жарандарды тарбиялоону колдоо – бул мамлекеттик саясат.
- Квалификациясынын өсүшүшүнө жараша материалдык стимул берүү менен мугалимдердин кесиптик жана карьералык өсүшүнүн натыйжалуу моделин ишке ашыруу; - Өлкөдөгү бардык билим берүү мекемелеринин рейтингин киргизүү;
Мамлекеттүүлүктү бекемдөөдө мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугу өтө маанилүү. Бул багыттагы маселелер: - Мамлекеттик аппаратты оптималдаштыруу жана кыскартуу үчүн ар бир министрликтин жана ведомствонун түзүмүн жана сандык курамын кайра карап чыгуу; - Талапкерлердин кесиптик жана кадыр-баркына болгон талаптарды күчөтүү; - Мамлекеттик кызматкерлерди конкурстук тандап алуунун тартибин жана жол-жоболорун максималдуу обьективдүүлүктү жана ачыктыкты камсыз кылуу багытында өзгөртүү; - Мамлекеттик аппаратты кыскартуу; - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн жол-жоболорун санариптештирүүнү тездетүү.
- Курчап турган чөйрөнү коргоо мыйзамдарын жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мамлекеттик институттарды бекемдөө; - Мөңгүлөрдү бузган иштерге тыюу салуу; - Сууну үнөмдөөчү инновациялык сугаруу технологияларын киргизүү; - Экологиялык таза коомдук транспорттун өнүгүшү; - Электр энергиясын өндүрүү жана жылытуу үчүн көмүрдү пайдаланууну басаңдатып, коопсуз булактарга өткөрүү;
- Түз салыктардын пайдасына кыйыр салыктарды азайтуу; - Чакан, орто жана ири бизнести өнүктүрүүгө багытталган мыйзамдарды кабыл алууга жетишүү; - Бажы жана салык кызматтарынын кызмат көрсөтүүлөрүн санариптештирүү; - Керексиз процедураларды, чектөөлөрдү, күбөлүктөрдү, уруксат кагаздарын, лицензияларды ж.б. жокко чыгаруу; - Көзөмөлдөөчү органдардын ашыкча контролдук функцияларын жоюу; - Ишкерлердин Салык кызматына гана отчет берүүсү; - Инвестор тарабынан бир жерден бардык керектүү документтерди жана уруксат кагаздарын алуу; - Ишкердик кодексин кабыл алуу.