- Биз тоо-кен өндүрүш тармагын комплекстүү өнүктүрүү каралган "Ынтымак" программасын сунуштайбыз. Анда жергиликтүү жамааттардын пикирлери, экологиялык тобокелдиктер эске алынып, инвесторлор үчүн социалдык лицензия милдеттүү түрдө киргизүү каралган.
- Биз туризм тармагын өнүктүрүү программасын колдоого алабыз! Кыргызстанда туризмдин бардык түрүн өнүктүрүүгө шарттар бар. Туризм тармагы өлкөнүн бүткүл аймактарынын экономикасынын кыймылдаткычына айланышы керек.
- Биз эл керектөөчү товарларды өндүргөн атамекендик өндүрүшчүлөргө мамлекеттик колдоо болушу керек деп эсептейбиз! Башкалардын экономикасын "багууну" токтотуп, каржыны өзүбүздүн экономикага сала турган мезгил келди!
- Биз Экспорт боюнча агенттикти түзүүнү колдобуз. Анын милдети – кыргыз товарларын дүйнөлүк рынокко жайылтуу, дүйнөлүк стандарттарды эске алуу менен маркетинг жүргүзүү, стандартизациялоо жана техникалык регламенттер боюнча кеп-кеңеш берүү, тобокелдиктерди башкаруу (камсыздандыруу), жеңилдетилген насыяларды берүү жана экспорттук операцияларды субсидиялоо.
- Инвестициялык кодекс кабыл алынууга тийиш. Инвесторлор оюндун эрежелерин түшүнүп, мамлекеттин коргоосунда болушу керек.
- Биз Кыргызстандын башка өлкөлөрдөгү Элчилери өз өлкөсүнө инвестицияларды тартууга милдеттүү деп эсептейбиз! Алардын ишмердүүлүгү тартылган инвестициялардын саны жана сапаты менен бааланышы керек.
- Биз уставдык капиталды жоюуну колдойбуз.
- Биз көзөмөлдөөчү органдардын кыскаруусун колдойбуз.
- Биз үч салыктын ордуна бир гана салыктын киргизилишин колдойбуз.
- Биз юридикалык жактар (КР резиденттери) жана КР жарандарынын Кыргызстандан тышкары жактагы ишмердүүлүгүнөн ала турган дивиденддерге салык салынууга тийиш эмес деп эсептейбиз.
- Биз салыктык талаш-тартыштар бейтарап сотто гана каралышы керек деп эсептейбиз.
- Биз салыктык милдеттенмелер боюнча эскирген доонун мөөнөтүн 6 жылдан 3 жылга кыскартууну колдойбуз.
- Биз экономикалык кылмыш жасагандар үчүн келтирилген зыяндан ашык жаза айып салып, бирок аларды эркинен ажыратпоону колдойбуз.
- Биз экономиканы технологиялык жактан модернизациялоону колдойбуз. Өзүбүздүн муктаждык үчүн технологиялык жабдууларды ташып келүүчүлөр салыктардан бошотулушу керек. Технологиялык модернизациялоо учурунда ишин токтотууга аргасыз болгон ишканалар корпоративдик салыктардан бошотулушу зарыл.